ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара сооданы жана транзитти өнүктүрүүдө дарамети чоң. Бул тууралуу өкмөт башчы Алихан Смаилов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Бишкекте өткөн кеңейтилген курамынын жыйынында билдирди. Мындан тышкары, премьер-министр ийгиликтүү экономикалык интеграциянын негизги бериле турган баасы жаңы өндүрүштөр, технологиялар жана жумуш орундары экенине токтолду. Бул жаатта дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторун өнүктүрүү концепциясы иштелип жатканын кошумчалай кетти. Казакстан жогорку технологиялык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу бул багыттагы кызматташууну мындан ары кеңейтүүнү сунуштайт. Буга байланыштуу өкмөт башчысы өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүүнү шыктандырып, технологиялар трансферти үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин айтты.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-министри:
- Учурдагы
маселелердин бири – орто мөөнөттүү мезгилге арналган декларациянын долбоору.
Бизге интеграциянын азыркы калыптанган абалына чыныгы баа берүү керек. Ушул
максатта үстүбүздөгү жылдын бугу айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт
Токаев кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүнү тапшырган. Транзиттик
дараметти эффективдүү пайдалануу жана өнүктүрүү соода-алмашуунун өсүшүнө өбөлгө
түзөт. Мүчө мамлекеттердин аймагындагы бардык жүк ташуу көзөмөлгө алынат. Бул
жаатта биз бизнес үчүн навигациялык пломбаларды акырындык менен жана мүмкүн
болушунча тоскоолдуксуз киргизишибиз керек. Комиссияга бул ишти бизнестин
пикирин эске алуу менен жүргүзүүнү сунуштайм.
Ал эми КМШ
өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында Алихан Смаилов кызмат
көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо боюнча келишимдин тез арада күчүнө киришинин
маанилүүлүгүн белгиледи. Премьер-министрдин пикиринде, бул документ өз ара
аракеттенүүнү жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет. Эркин соода
аймагы боюнча келишимди биргелешип жүзөгө ашыруу буга мисал боло алат. Мунун
аркасында глобалдык кыйынчылыктарга карабастан катышуучу-өлкөлөрдүн ортосундагы
соода оң динамикасын сактап калды. Биргелешкен иштин башкы максаты — өндүрүштүк
кооперацияны комплекстүү түрдө чыңдоо. Өкмөт башчысы белгилегендей, концепцияны
иштеп чыгуу боюнча комплекстүү чаралар биримдик өлкөлөрүнө жаңы дем берип,
белгиленген пландарды толук ишке ашырууга көмөктөшөт. КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт
башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Алар
геодезия, картография жана геомаалыматтык технологиялар, тоо-кен металлургия,
IT тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков