Казакстандан Грузияга экспорт
2024-жылы үчтөн бирге
өстү. Ал, эми өлкөлөр ортосундагы жүк ташуу көлөмү 4 миллиард 700 миллион тоннадан ашты. Жалпысынан
алганда, акыркы 4 жылда Казакстан-Грузия багыты боюнча жүк ташуулар 9 эсеге
өстү. Бул чек эмес. Транзиттик агымдарды кошо алганда эки өлкөнүн экономикасын мындан да активдештирүүгө болот. Казакстан менен Грузиянын Премьер-министрлери «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясына барышты. Аларга темир жол тармагында ишке
ашырылып жаткан санариптик чечимдер сунушталды. Грузин делегациясын темир жол
транспортундагы «бирдиктүү
санариптик терезе»
жана «акылдуу»
тутум менен тааныштырышты. Алар жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, жүк ташуу мөөнөтүн кыскартууга жана логистиканын ачыктыгын камсыздоого
багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

