Серепчи: Казакстанды конкреттүү өзгөрүштөр күтүп турат

Серепчи: Казакстанды конкреттүү өзгөрүштөр күтүп турат

Казакстанды социалдык, экономикалык жана саясий чөйрөдө чечкиндүү өзгөрүүлөр күтүп турат. Алдыдагы жылдары казакстандыктар жаңы өкмөттүн аткарган ишинин жемишин көрүшөт. Мындай пикирин саясий илимдердин доктору, Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрүнүн орун басары Санат Кошкимбаев Казах ТВ каналына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Анын айтымында, жаңы Казакстанды түзүүгө өкмөт гана эмес, жалпы коомчулук катыша алат. Президент Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда экономикадагы кыйынчылыктарды белгиледи, дейт серепчи. Анын катарында олигополия жана олигархия, таптык теңсиздик жана башка маанилүү темалар бар.

Санат Көшкимбаев, Саясий илимдердин мүдүрү, Казакстан Республикасы Президентинин алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институту мүдүрүнүн орун басары:

- Президент кайрылуусунда бардыгыбыз биргелешип жаңы Казакстанды түзүүгө чакырды. Башкача айтканда, биз көргүбүз келген келечектүү Казакстанды түзүү. Бир сөз менен айтканда, бул кайрылуу жаңы барак сыяктуу. Анда ар бир казакстандык каалоо-тилектерин, суроолорун жаза алат. Тактап айтканда, бул президенттин парламент жана өкмөт менен түз диалогу гана эмес, Казакстан эли жана коомчулугу менен түз диалогу болду.

Баяндамачынын айтымында, кеп турмуштун бардык тармактарындагы комплекстуу реформалар тууралуу болуп жатат. Ошондой эле, серепчи өзгөрүштөргө убакыт жана күч керек экенин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков