Мамлекет
башчы Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Президенти
Владимир Путинге Дагестандагы православдык чиркөө менен синагогадагы террордук
чабуулдардан улам дин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин курмандыгына байланыштуу көңүл
айтты. Казакстандын президенти укук
коргоо системасы аркылуу ыкчам издөө иш-чараларын ишке ашырууга көмөк
көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Мамлекет башчы мындай адамзатка каршы аракетти
кескин айыптап, БУУ, ШКУ жана башка абройлуу эл аралык уюмдардын алкагында
терроризмге каршы күрөштө көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков