Касым-Жомарт Токаевдин Орусияга сапары стратегиялык мааниге ээ, ал өлкөлөрдүн эки тараптуу өнөктөштүгүн андан ары бекемдөөгө умтулуусун көрсөтөт. Бул тууралуу жергиликтүү серепчилер билдирүүдө. Бул сапардын алкагында кол коюлган Казакстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди ар тараптуу камтыган стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине көтөрүү тууралуу декларациянын тарыхый мааниси бар. Президент Касым-Жомарт Токаев ал өлкөлөр арасындагы ишенимдин бекемдигин таанытып, өз ара аракеттенүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Документ бүгүнкү күндө саясат таануучулар тарабынан кеңири талкууланууда. Алардын пикиринде, азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө декларация өтө маанилүү документке айланмакчы. Талдоочулар ал кызматташтыкты сапаттуу жана мазмундуу деңгээлге көтөрөт дешет.
Алишер Тастенов, Президент алдындагы КСИИнун башкы серепчиси:
- Декларация – бул биздин стратегиялык
кызматташтыгыбыздын көрүнүктүү мисалы десек болот. Ал алдыдагы өз ара
аракеттенүүгө багыт берет. Башкача айтканда, орток өнүгүү планы. Документ өз
ара карым-катнаштарды тереңдетүүгө багытталган. Келечектеги ар кандай
экономикалык, саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө болгон ишенимди билдирет. Азыркы
учурда суу жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери артыкчылыкта турганын билебиз.
Бул орток милдеттер Орусия менен Казакстанды гана эмес, Борбордук Азия
өлкөлөрүн да тынчсыздандырып жатат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

