К. Токаев Европа кеңешинин президенти менен өзөктүү маселелерди талкуулады

К. Токаев Европа кеңешинин президенти менен өзөктүү маселелерди талкуулады

Эл аралык кырдаалды жакшыртуу жана эң өзөктүү маселелер боюнча ишенимдүү диалог орнотуу үчүн күчтөрдү бириктирүү маанилүү. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди. «Казакстан чыгыш менен батыштын, түштүк менен түндүктүн ортосундагы «аралык рыноктун» ролун аткаруу менен бул  ишке өз салымын кошо алат» - деп белгиледи мамлекет башчысы. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Евробиримдикти альтернативдүү трансконтиненталдык коридорлорду, анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүүдө кызматташууга чакырды. Президент дүйнөлүк жана европалык рыноктогу акыбалды турукташтыруу үчүн Казакстан өзүнүн көмүрсуутегин пайдаланууга даяр экенин кошумчалап өттү.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков