Казакстанда «Борбор – Батыш» трассасы салынат. Ал
Астананы Аркалык, Торгай жана Ыргыз аркылуу өткөн Транскаспий эл аралык
транспорттук коридору менен байланыштырат. Мамлекет башчысынын улуттук
курултайдагы тапшырмасынын алкагында масштабдуу инфраструктуралык демилгенин
долбоордук документтерин иштеп чыгуу башталды. Жаңы багыт учурдагы аралыкты
болжол менен эки эсеге кыскартат. Жаңы салынган жолдо бул аралыкты мурдагыдай
бир жарым миң эмес, 865 чакырым жол менен гана басып өтүүгө болот. Башкача
айтканда, каттоо убакыты бир канчага кыскарат. Транспорт тармагы 70 миң калкы
бар 13 калктуу-конушту камтыйт. 2 тилкелүү жолдун туурасы-8 метр. Күнүнө 3 миң
автоунаа жүрөт.
Марат Карабаев, Транспорт министри:
- Бул «Батыш Европа-Батыш Кытай» коридоруна үчүнчү
параллель жол болот. Экинчи жагынан, Казакстан өзүнүн алдына коюп жаткан Транскаспий транспорттук багытына кошулган кыска
жол болот. Андан ары мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Бейнеу менен
Шалкардын ортосунда, анын ичинде Сөксөөл менен Шалкардын ортосунда түз жол
курулат. Бул жерден азыр Актауга чейин жүрүү болжол менен 3400 чакырым болсо, бул кыска жол Актау,
тагыраагы Каспийге чейин 2300 чакырым болот.
Габит Сүндетбаев, AMANAT
партиясы Жангелдин
райондук филиланынын төрагасы:
- Өлкө менен өлкөлөрдү байланыштыруу биздин экспорттук дараметибизди
жогорку деңгээлде пайдаланууга өбөлгө түзөт. Экинчи жагынан, жол жээгиндеги
өндүрүштөрдү жана калктуу конуштарды өнүктүрүү. Бул жерлерди жайгаштыруу үчүн
чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

