Казакстан ОПЕК+ келишими боюнча милдеттенмелерин 2025 жана 2026-жылдары аткарат. Бул тууралуу республиканын Энергетика министрлиги мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмунун биргелешкен министрликтердин мониторинг комитетинин 58-жыйынтыгында билдирди. Казакстан да өткөн жылдагы мунайдын ашыкча өндүрүлгөнү үчүн компенсация төлөп бергенин билдирди. Мекеме ОПЕК+ менен келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу быйыл Тенгиз кенин кеңейтүү долбоору ишке киргенден кийин чийки зат өндүрүшүнүн көбөйгөнүнө карабастан, республика үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда Казакстан өнөктөштөрү менен эл аралык укуктун алкагында сүйлөшүүлөрдү улантат. Белгилей кетсек, жакында эле ОПЕК+ комитети мунай өндүрүү боюнча учурдагы саясатты сактап калуу чечимин кабыл алган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

