Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Канат Тумыш билдирди. Дипломат Казакстан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарганын белгиледи. Астана 6 жылдан бери Сириядагы жаңжалды жөнгө салуучу аянтчага айланды. Бул жылдар ичинде Жакынкы Чыгыштагы саясий кырдаал кескин өзгөрдү. Эң негизгиси деэскалация зоналары түзүлүп, качкындарды өз өлкөлөрүнө кайтаруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, Сирияны Араб Лигасына кошуу. Кепил өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсүндө дагы бир жолугушуу өткөрүү чечимине келишкени да айтылды. Ал быйылкы жылдын экинчи жарымында өткөрүлөт. Бирок кайсы өлкөдө өтөөрү белгисиз. Буга кошумча Астананын тынчтык диалогду өнүктүрүүгө кошкон салымы Бириккен Улуттар Уюму жана дүйнөлүк лидерлер тарабынан жогору бааланууда.
Канат Тумыш, Тышкы иштер министринин орун басары:
- Сириянын обочолонуу зонасынан акырындап чыгуусу, Астана процессинин миссиясын чоң сыймык менен аяктагандыгынын белгиси катары кароого болот. Ошол эле учурда айтылган жетишкендиктерди, анын ичинде Сириянын араб үй-бүлөсүнө кайтарылышын эске алуу менен, биз Сирия боюнча бүгүнкү 20-жолугушууну Астана процессинин алкагындагы акыркы иш-чара катары расмий түрдө жарыялайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков