Сенат шайлоосуна кызуу даярдык жүрүүдө

Сенат шайлоосуна кызуу даярдык жүрүүдө

Ага 64 талапкер катышат. Алардын дээрлик бардыгы өзүн-өзү сунуштагандар. Маслихат тарабынан саналуу гана адам талапкер болуп катталды. Талапкерлердин 30%ын аял талапкерлер түзөт. Парламенттин жогорку палатасынын спикери Маулен Ашимбаев Жамбыл облусунун депутаттары менен жолугушууда алдыдагы шайлоону талкуулады. Ал ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий реформалардын алкагында Сенаттын алдында турган милдеттерге токтолду.

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:

- Сенат аймактардын кызыкчылыгын коргогон палатага айланат. Маанилүү экономикалык жана социалдык процесстер негизинен аймактарда жүрүп жатканы белгилүү. Региондорду комплекстүү өнүктүрбөй туруп, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсүн жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүн эмес. Андыктан мамлекет башчы тарабынан берилген тапшырмалардын, улуттук долбоорлордун, аймактарда кичи жана орто бизнести колдоо боюнча программалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө басым жасалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков