Казакстандын тынчтык күчтөрү миссияларын аткарууга даяр. Мындай бааны Бириккен Улуттар Уюмунун талдоочулары беришти. Алар өлкөгө аскерлердин даярдык деңгээлин комплекстүү көзөмөлдөө үчүн атайын келди. Инспекторлор бир апта ичинде материалдык-техникалык базаны гана эмес, аскерлердин даярдык деңгээлин да текшерди.
Бауыржан Ныгметуллин, Коргоо министрилигинин
тынчтык күчтөрүн даярдоо курсунун башчысы:
- Бириккен Улуттар Уюмунун бардык
түзүмдөрү менен онлайн жолугушуу да өткөрдүк. Гендердик маселелер, адам
укуктары, эл аралык гуманитардык укук, тартип жана укук коргоо маселелери боюнча
аскерлердин билимин дагы текшерди.
Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлору «Битимгер» окуу борборунун базасында аскерлердин тынчтык базаны коргоодогу биримдигин, блок-бекеттерди түзүү, коопсуздукту көзөмөлдөө жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча аскерлердин аракеттерине байкоо жүргүзүштү. Мындан тышкары, жардыргыч зат табылган учурдагы аракеттерди текшерди.
Седрик Паскаль, БУУнун Тынчтык
операция департаментинин пландоо кызматынын офицери:
- Мен Казакстанга биринчи жолу
келип, Казакстандын Коргоо министрлигинин Тынчтыкты сактоо операциялар борборун
көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Абдан кубанычтабыз. Жоокерлердин, офицерлердин,
инструкторлордун даярдык деңгээли өтө жогору экендигин белгилегим келет. Алар
өздөрүнүн бардык убактысын Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы операцияларга
даярданууга жумшап жатат. Кандай болгон күндө да, тынчтыкты сактайбыз дешет.
Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясы казакстандын тынчтык күчтөрүнүн өз алдынча миссияларды аткарууга даярдык деңгээли тууралуу соңку баасын 2024-жылдын башында берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков