Си Цзиньпин дос Казакстан элине гүлдөп-өнүгүүнү жана ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, ал Кытай менен Казакстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө чоң маани берерин айтып, Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга мамлекеттик сапарына жана бугу айына белгиленген «Кытай-Борбор Азия» саммитине катышаарына кубанычын жеткирди. Ал эми Америка Кошмо Штаттарынын президенти Нооруз майрамы менен катар Рамазан айынын башталышы менен куттуктады. Джо Байден АКШ Касым-Жомарт Токаевдин Казакстандын жаркын келечегин, өлкөдөгү тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган саясий жана экономикалык реформаларды ар дайым колдой турганын билдирген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков