Алдыдагы эки
жылда Чыгыш Казакстан облусуна 1,5 триллион теңге инвестиция тартуу көздөлүүдө.
Жалпысынан, 2024-жылы аймакка капиталдык салымдар 116%га өстү. Ошондой эле,
курулуш иштеринин көлөмү төрттөн бирге көбөйдү. Өткөн жылы жалпысынан 400 миң
чарчы метр турак жай пайдаланууга берилип, 2027-жылга чейин 700 миңден ашуун
турак жай куруу коздөлүүдө. Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу
президентке аймактын башчысы айтып берди. Нурымбет Сактаганов чакан
жана орто бизнести колдоо, инфраструктураны жаңылоо боюнча чаралар тууралуу маалымат
берди. Облус акиминин айтымында, туризмди, санариптештирүүнү,
транспорттук-логистикалык секторду жана агроөнөржай комплексин өнүктүрүүгө
өзгөчө көңүл бурулууда. Мындан тышкары, аймакта «элеттиксаламаттыкты сактоону жаңыртуу» жана «ыңгайлуу мектеп» улуттук
долбоору ишке ашырылууда. Курулуш,
айыл чарба, авиация, энергетика, суу транспорту боюнча жаңы билим берүү
программалары ачылып, «чыгыш адиси» региондук жеңилдетилген ипотекалык
программасы ишке киргизилүүдө.
Нурымбет
Сактагов, Чыгыш Казакстан облусунун акими:
- Өткөн жылы 46 жаңы өндүрүш объектисин ачтык, анын ичинен 10 долбоор улуттук пулдан. Быйыл 85 миллиард теңгеге дагы 50 өндүрүш объектисин ишке киргизүү пландалууда. Облуста аймактык долбоордук кеңсе түзүлүп, бардык шаарлар жана райондор боюнча экономикалык өсүш пункттары боюнча тиешелүү пландар бекитилди. Биздин экспорттук стратегиябыз менен жөнгө салынган өндүрүш жана керектөө балансы талдоого алынды. Мамлекет башчысы бизге Чыгыш Казакстан облусун мындан ары өнүктүрүү жана облустун тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

