Казакстандыктар калктуу пункттардын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир эте алышат. Бул үчүн өзү турган район же облустук маанидеги шаарлардын акимин шайлоого катышуу кажет. Жаңы мүмкүнчүлүктөр өлкөдөгү саясий модернизацияга жана демократиялык жараяндарга түрткү берип, жарандык коомду активдештирет, дешет серепчилер. Анткени, бул чечимдерди кабыл алууга ар бир жарандын катышуусун арттырат. Эске сала кетсек, Казакстанда биринчи жолу пилоттук режимде район-шаарлардын акимдерин шайлоо өттү. Жетинин айынын 5де миллиондон ашык адам талапкери үчүн добушун берди. Шайлоо альтернативалуу негизде өттү. Шайлоо бюллетендерине 125 талапкер киргизилип, алардын көбү өзүн өзү көрсөткөндөр болду.
Арман Токтышаков, Дүйнөлүк
экономика жана саясат институтунун талдоочусу:
- Жалпысынан алганда мындай
шайлоонун өлкөнүн саясий-мамлекеттик түзүлүшүнө, эң башкысы коом менен эл үчүн
кандай артыкчылыктары бар, тагыраак айтканда анын артыкчылыктарын кайсы өңүттөн
белгилесе болот? Эгерде биз саясий өңүттөн карай турган болсок, системаны
демократиялаштыруу жана анын ачыктыгын камсыз кылуу, аймактык деңгээлде шайлоо
системасын киргизүүнү айта алабыз. Жаңы мамлекеттик менеджерлер да пайда болот.
Бул акимдердин өздөрү үчүн чоң саясий тажрыйба. Ал эми коом үчүн пайдасы ачык
деп ойлойм. Биринчиден, эл шайлоого түз катышып, өзү ишенген талапкерди тандай
алат. Ушундай жол менен алардын саясий маданияты, саясий сабаттуулугу
жогорулайт.
Жалпысынан өлкө боюнча 42 райондо жана 3 шаарда бир жарым миңге жакын шайлоо участкалары ачылды. Боршайкомдун маалыматы боюнча, шайлоочулардын катышуусу 63%ды түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков