Касым-Жомарт Токаев менен Сингапурдун улук министри – Улуттук коопсуздук боюнча координациялоочу министри Тео Чи Хин менен жолугушту. Алар Казакстан менен Сингапурдун саясий жана экономикалык кызматташтыгынын азыркы абалын жана келечегин талкуулады. Астана соода жана инвестициялык байланыштарды чыңдоого негизделген эки тараптуу өнөктөштүктүн жаңы этабына жол ачууга даяр. Жолугушуунун аягында Касым-Жомарт Токаев Тео Чи Хинге “Беласу”, “Дипломатиялык очерктер” китебинин англисче нускасына кол тамгасын койду. Министр бул китепти Казакстанга болгон сапарында сатып алып окуп чыккан. Сингапур Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү улантууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн үчүнчү премьер-министри – улук министр Ли Сянь Лун Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда билдирди. Тараптар соода-экономика, инвестиция, каржы, транспорт-логистика жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков