Казакстандык стартап 250 миң доллар инвестиция тартты

Казакстандын көчмө диагностика стартапына 250 миң доллар чет элдик инвестиция тартылды. Саламаттыкты сактоо тармагындагы бул IT компаниянын өнүгүүсүнө Араб фонду инвестиция салууда. Аталган каражат долбоордун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталат деп күтүлүүдө. Стартаптын жетекчилеринин айтымында, чет өлкөдөн келген каражат Казакстандын рыногун толук өздөштүрүп, чет өлкөгө чыгууга шарт түзөт. Ушул тапта  Астана жана Алматы шаарларынын жашоочулары үйдөн чыкпай эле ден соолугун текшерте алышат. Алдыдагы убакытта компания бул кызматты өлкөнүн башка шаарларында да ишке киргизет. Долбоор 2022-жылдан бери иштеп келе жатат. Андан бери 10 миңден ашык экспертизалар жасалды. Жаш компаниянын алдыдагы максаты – бул багытта тышкы рыноктун 15% багынтуу.

Тота Сматова, Көчмө медициналык диагностика стартабынын мүдүрү:
-
Келерки жылы Казакстанда бизнесибизди өнүктүргүбүз келет. Долбоорубуздун техникалык жагын бекемдеп жатабыз. Биз бул стартапты адамдардын ден соолугун текшерүүнү жеңилдетүү үчүн баштадык. Жакынкы арада биз мобилдик текшерүүнү, башкача айтканда, текшерүүлөрдүн комплексин жана чакан экспертизаны түзө баштайбыз. Биздин негизги максатыбыз Казакстанда стартапты өнүктүрүү. Бирок бизнес болгондон кийин эл аралык рынокко чыгыш керек. Ага ылайык, Улуу Британия жана Бириккен Араб Эмираттарына чыгууну карап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков