Казакстандын БАЭ инвестицияларынын көлөмү 4,3 млрд доллардан ашты

Казакстандын БАЭ инвестицияларынын көлөмү 4,3 млрд доллардан ашты

Эки өлкөнүн бизнес-форумунда Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтык дарамети талкууланды. Ал Астанада өттү. Иш-чаранын жабылыш аземине Казакстандын президенти жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы катышты. Касым-Жомарт Токаев шейх Халед менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүү каалоолорун ырастаганын баса белгиледи. Буга кол коюлган 5 миллиард долларлык келишимдер да салым кошот.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Казакстанга жалпы инвестициясынын көлөмү 4,3 миллиард АКШ долларын түзгөн Бириккен Араб Эмираттары биздин өлкөнүн Перс булуңундагы соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. БАЭнин 2031-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы инновация, өнөр жай өсүшү жана ар тараптандыруу жаатындагы улуттук артыкчылыктарыбызга дал келерин эске алып, биз эмираттык өнөктөштөр үчүн тартымдуу шарттарды түзүүгө ниеттенүүдөбүз.


Казакстан учурда инвестициялык тартымдуулугун жогорулатууда. Бул максатта өлкөдө эл аралык стандарттарга жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму принциптерине ылайык экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, чет элдик бизнести, анын ичинде БАЭнин компанияларын колдоо боюнча Инвестицияларды илгерилетүү боюнча кеңеш түзүлдү.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Биз экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде энергетика, логистика, каржы, акылдуу технологиялар, айыл чарба жана башка көптөгөн тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн олуттуу дараметтерди көрүп жатабыз. Биздин өнөктөштүктүн динамикасы Masdar, Presight, Abu Dhabi Ports Group, Terminal Holdings жана Abu Dhabi Commercial Bank менен бир нече олуттуу долбоорлор менен тастыкталат. Бул жана башка биргелешкен демилгелер биздин эки тараптуу мамилелерибиздин тереңдигин, натыйжалуулугун жана келечектүү өнүгүүсүн чагылдырат.


Бизнес форумдун алкагында тогуз документке кол коюлду. Анын ичинде Курык портунда заводду, маалыматтарды иштеп чыгуу борборун, терминалды курууга инвестиция салуу боюнча келишимдер бар. Мамлекет башчысы жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Астана эл аралык каржы борборуна да барышты. Анда алар Каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу органынын, биржанын, AЭКБ сотунун, Эл аралык арбитраждык борбордун жетишкендиктери жана конкреттүү иш-чаралары менен тааныштырылды. Белгилей кетсек, учурда 46 араб компаниясы каржы борборунун резиденттери.  Касым-Жомарт Токаев жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы борбор калаадагы Шейх Халифа бен Заид Аль Нахайян мектеп-лицейинде да болушту. Студенттер араб тили жана адабияты боюнча өз билимдерин көрсөтүштү, ошондой эле эки өлкөнүн өз ара карым-катнашын чагылдырган көргөзмө сунушталды. Кийинчерээк Касым-Жомарт Токаев менен шейх Халед бен Мухаммед бен Заид Аль Нахайян дагы бир көргөзмөгө – «Этно айылга» барышты. Ал казак элинин көп кылымдык маданий мурасына арналды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков