Касым-Жомарт Токаев Орусия менен Кытайдын элчилерин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Орусия менен Кытайдын элчилерин кабыл алды

Алексей Бородавкин менен сүйлөшүүдө тараптар президент Владимир Путиндин Казакстанга боло турган сапарын, ошондой эле ушул жылдын күзүндө Костанайда өтө турган XIX аймактар ​​аралык кызматташтык форумун талкуулашты. Ал эми Чжан Сяо менен жолугушууда үстүбүздөгү жылдын бугу айында Сиань шаарында өтө турган Борбор Азия+Кытай саммити тууралуу сөз болду. Президенттин Кытай Эл Республикасына пландалган мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүнө да көңүл бурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков