Глобалдык геосаясий туруксуздукта дипломатия чечүүчү
ролду ойнойт. Бул тууралуу Мамлекет башчысы «Евразия мейкиндигиндеги Туруктуу
өнүгүү жана коопсуздук» конференциясында билдирди. Президент катышуучулардын
көңүлүн бирдиктүү евразиялык коопсуздук идеясы көп полярдуу, адилеттүү жана
туруктуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу үчүн концептуалдык негиз боло аларына
бурду. Мамлекет башчысы ошондой эле конференциянын катышуучуларына
Казакстандагы масштабдуу саясий реформалар тууралуу маалымат берди. Мындан
тышкары, ал Казакстан менен Орусиянын ортосундагы достук байланыштарды
белгиледи. Билим берүү тармагындагы долбоорлор өзгөчө маанилүү. Казакстанда белгилүү
орусиялык ЖОЖдордун филиалдары ийгиликтүү иштеп жатат. Келечекте Москва
мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун филиалын ачуу пландаштырылууда. Ал
эми Орусияда 60 миңден ашуун казакстандык студент билим алат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков