Казакстан Палестина элине 1 миллион долларлык гуманитардык жардам жөнөттү. Өлкө өкмөтү тарабынан бөлүнгөн каражат Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча агенттигине которулду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди. Айбек Смадияров белгилегендей, бул мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин чечими. Эске сала кетсек, бул тууралуу президент Түрк мамлекеттер уюмунун 10 жылдык юбилейлик саммитинде айткан.
Айбек Смадияров,
ТИМ расмий өкүлү:
- Гуманитардык
ишмердүүлүк Казакстандын тышкы саясатынын маанилүү багыты экенин белгилегим
келет. Тынчтык саясат жана адилеттүүлүктүн принциптерин карманган Казакстан ар
дайым өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттерди колдоого умтулат.
Тышкы иштер
министрлигинин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде Казакстандын 76 жараны бар.
Үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын саны 161 адамды түзөт. Өлкөнүн Каирдеги
элчилиги Египеттин бийликтери менен жарандардын өтүүсүнө байланыштуу күн сайын
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ата мекендик дипломаттар аларды мүмкүн болушунча тезирээк
эвакуациялоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө, деп белгилейт Тышкы иштер
министрлиги.
Которгон: Илгиз Жамалбеков