Silk Way түрк тилинде маалымат тарата баштады

Өлкөнүн ири медиа-холдингинин курамына кирген Silk Way алгачкы улуттук спутниктик телеканалы – Казакстандын президентинин Телерадиокомплекси түрк тилинде маалымат тарата баштады. Бул каналдын алтынчы тили. Ошондой эле, берүүлөр казак, орус, англис, кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. Мындай көп каналдуу формат санариптик телекөрсөтүүнүн ар бир көрөрманына өзү каалаган тилде үн коштоону тандоого мүмкүндүк берет. Silk Way 118 өлкөнүн көрүүчүлөрүнө Казакстан менен Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң акыркы жана актуалдуу жаңылыктарды, республиканын инвестициялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрү, искусствосу, каада-салты жана бай маданияты тууралуу маалыматтык-аналитикалык программаларды, даректүү тасмаларды жана билим берүү долбоорлорун сунуштап келет.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков