Сугат маалында казакстандык дыйкандарга 6 млрд куб метрден ашык суу берилди. Суу ресурстары жана ирригация министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө 23 миңден ашуун атамекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен тийиштүү келишимдер түзүлгөн. Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстан менен жарым жылда Казакстанга 3,7 млрд куб метр суу келери тууралуу келишим түзүлгөн. Бул көлөм 4 айдын ичинде өттү. Мындан тышкары сугат мезгилинин аягына чейин өзбек тарап дагы 500 млн куб метр суу жөнөтөт. Белгилей кетсек, бардык иштер дыйкандардын муктаждыктарын үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жүргүзүлүүдө. Тармактык ведомстводон белгилешкендей, жашоо-тиричиликти камсыз кылуунун чоң көлөмү сугат мезгилине чейин жеткирилип, суу дипломатиясы дагы күчөтүлдү. Натыйжада түштүктүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү экинчи түшүмдү жыйноого даярданып жатышат.
Алмас Мусабеков, Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси:
– Жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жана коңшуларыбыз менен алдын ала макулдашуунун аркасында азыр «Достык» каналы аркылуу өлкөбүзгө секундасына 90 кубометр суу агып жатат. Бүгүнкү күндө Шардарин суу сактагычын толтуруу 1,5 млрд куб метрди түзөт. Бул бир жыл мурдагыга караганда 500 млн куб метрге көп. Өз кезегинде Шардара суу сактагычынан Сырдарыя дарыясынын төмөнкү агымына 4,5 млрд куб метр суу которулган. Бул бир жыл мурдагыга караганда 1 миллиард куб метрге көп. Кызылкум каналына 850 миллион кубометрден ашык суу, ал эми Түндүк Арал деңизине 590 миллион кубометрден ашык суу багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков