Казакстанда бугу айынын 2-декадасында айдап-себүү өнөктүгү башталат

Казакстанда бугу айынын экинчи он күндүгүндө массалык жазгы талаа иштери башталат. Адаттагыдай эле өлкөнүн түштүгүндө дыйкандар сезонго эрте даярданып коюшкан. Азыр мында 350 гектарга дан эгилген. Түндүктөгү чарбалар айдап себүү өнөктүгүнө бугу айынын 20на карата киришет. Белгилей кетсек, быйыл мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, өлкөдөгү айдоо аянттарынын түзүлүшүн ар тараптандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматында, моноөсүмдүктөр көлөмү азайып, түшүмдүүлүгү жогору айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары кеңейтилет.

 

Айхан Султан, Айыл чарба министрлигинин департамент мүдүрүнүн орун басары:

- Массалык айдоо сезонуна чейин керектүү күйүүчү май жана техника даяр болот. Бугу айынын экинчи он күндүгүндө адаттагыдай түндүктөгү негизги 3 аймак — Костанай, Акмола жана Түндүк Казакстан облустары айдап себүү иштерин баштайт. Тагыраак айтсак, бул ишке бугу айынын 20сы киришет. Суу каптоого байланыштуу айрым жерлерде айдап себүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылат. Деген менен адаттагыдай эле бугу айынын акырына же кулжа айынын алгачкы он күндүгүндө эгиндерди толук эгип бүтөбүз. Учурда жергиликтүү акимчиликтер ылайыктуу жерлерди эсептеп, 23,8 миллион гектар жерди өздөштүрүүдө. Бул былтыркыдан 200 миң гектарга аз. Атап айтканда, кылкандуу дан эгиндер, анын ичинде буудай, сууну көп керектеген пахта менен күрүчтүн көлөмү азаят. Ордуна майлуу жана  тоют өсүмдүктөрүнүн аянттары көбөйтүлөт.

 

Топурактагы суунун көлөмүнө байланыштуу мекеме адистери нымдуулук жетиштүү экенин айтат. Аны сактап калуу үчүн республика аймагында агротехникалык чаралар жүргүзүлөт.

 

Айхан Султан, Айыл чарба министрлигинин департамент мүдүрүнүн орун басары:

- Вегетация мезгилинде аба ырайынан көз карандыбыз. Анын ичинде аба температурасы, жай мезгилинде жаан-чачын деңгээли бар деген сыяктуу. Деген менен былтыркы абал кайталанбашы керек. Бул сезондо баары жакшы болот деп болжолдоп жатабыз. Кышында жыйналган нымдуулукту сактоо үчүн күзүндө жер өз убагында айдалды. Бул иштер азыр да уланып келүүдө.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков