Премьер-министр «Шелл» компаниясынын аткаруучу вице-президенти менен жергиликтүү камтууну жогорулатуу маселесин талкуулады. Жакынкы арада тараптар ички рынокто товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну көбөйтүү максатында жергиликтүү камтууну өнүктүрүү программасын кайра карап чыгат. Мындан тышкары, тараптар мунай жана газ тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көз жаздымда калтырган жок. Олжас Бектенов менен Питер Костелло Карашыганакты кеңейтүү долбоору боюнча мунай жана конденсат өндүрүүнү жылына кеминде 11 миллион тонна деңгээлинде кармап туруу - артыкчылыктуу милдеттердин бири экенин айтты. Бул максатта тараптар чийки газды кайра куюу үчүн кошумча компрессорлорду өз убагында ишке киргизүүнү камсыз кылат. Муну менен катар, үлүшчүлөрдүн эсебинен кубаттуулугу жылына 4 миллиард кубометр газды кайра иштетүүчү завод куруу маселеси каралууда. Кашаган кен жайынын туруктуу иштешине да өзгөчө көңүл бурулду. Өткөн жылы мында 18 миллион тоннадан ашык мунай менен 12 миллиард кубометрге жакын газ өндүрүлгөн. Учурда кенди толук өздөштүрүү үчүн газды кайра иштетүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков