«Silk Way Star» эл аралык вокалдык сынагы өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатат. Музыкалык долбоордун гимни Кытайдын Чунцин шаарында өткөн V медиаинновациялар форумунда жаңырып турду.
Сахнада казакстандык ырчы Рухия Байдукенованын аткаруусундагы композиция жаңырды. Ал сынактын экинчи сезонунда өлкөнү тааныштырат, ошондой эле биринчи сезондун финалисти, кытайлык ырчы Чжан Хэ Сюань да катышты. Чыгарманын автору – ата мекендик композитор Хамит Шангалиев. Форумдун катышуучуларынын айтымында, бул иш-чара Казакстандын Жибек жолу мейкиндигинде эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ролун баса белгиледи. Эске салсак, Silk Way Star долбоору Казакстандын Президентинин Телерадио комплекси менен Кытайдын China Media Group медиа корпорациясынын ортосундагы макулдашуунун алкагында ишке ашырылган. Шоунун Гранд-финалы алгачкы жолу 2025-жылы Астанда өттү. Ал бир нече өлкөлөрдө түз эфирде көрсөтүлдү. Жалпысынан, уникалдуу долбоорду 43 мамлекетте 143 миллиондон ашык адам көрдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

