Казакстан бардык ЭЭАдын (эркин экономикалык аймак) ишин 2049-жылга чейин узартууну көздөп жатат. Өкмөттөн белгилешкендей, атайын экономикалык аймактардын бирдиктүү иштөө мөөнөтү алардын узак мөөнөттүү инвестициялык жагымдуулугуна өбөлгө болуп иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүү үчүн туруктуу шарттарды түзөт.
Белгилей кетсек, өндүрүштөрдүн инфраструктурага кеңири жетүүсүн камсыздоо үчүн учурда республикада атайын экономикалык жана индустриалдык аймактардын иши жакшыртылууда. Алсак, үчтүн айынын 1инен тартып ЭЭАдын катышуучуларына преференцияларды берүү «инвестициялар канчалык көп болсо, ошончолук жеңилдиктер» принциби боюнча инвестицияларга жараша дифференцияланган түрдө жүргүзүлөт. Мындай ыкма капиталды көп талап кылган, кошумча наркы жогору инновациялык тармактарды тартууга түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков