Мамлекет башчы «Атлетико Мадрид» футбол клубунун президенти Энрике Сересо Торрести кабыл алды

Мамлекет башчы «Атлетико Мадрид» футбол клубунун президенти Энрике Сересо Торрести кабыл алды

Казакстанда «Атлетико Мадрид» футбол академиясын ачуу долбоору президентке тааныштырылды. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев «Атлетико Мадрид» футболдук клубунун президенти Энрике Сересо Торрести кабыл алды. Мамлекет башчынын айтымында, Казакстанда футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Азыр республикадагы спорт мектептеринде жана футбол клубдарында 40 миңге жакын бала машыгат. «Атлетико Мадрид»  футбол академиясы Алматы облусундагы «Akbulak» олимпиада борборунун базасында түзүлөт. Жолугушуунун соңунда Энрике Сересо Торрес Касым-Жомарт Токаевге «Атлетико Мадриддин» оюнчуларынын кол тамгасы коюлган футболка белек кылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков