Казакстандын Президенти Грузиянын ички иштер министрин кабыл алды

Казакстандын Президенти Грузиянын ички иштер министрин кабыл алды

Казакстандын президенти Грузиянын ички иштер министрин кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев менен Гела Геладзе укуктук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү багыттарындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Грузия өлкөнүн Түштүк Кавказдагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы мамиле убакыт сыноосунан өткөн тарыхый тамырлашууга негизделгенин айтты. Өлкөлөр уюшкан кылмыштуулукка, баңгизат ташууга, киберкылмыштуулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле алдыңкы тажрыйба алмашуу, адис даярдоо багыттарында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө ниеттенишүүдө. Мамлекет башчысы Грузиянын президентине жана премьер-министрине саламын жолдоду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков