«Астана Опера»
театрынын артисттери Актөбе облусуна гастролго жөнөп кетишти. Борбордук өнөр
жамааты алгач жергиликтүү ферро эритме заводуна барып, өндүрүш иши менен
таанышты. Кийин сахна өнөрлөрү актөбелик металлургдар менен бирге Хаким Абайдын
атактуу «Көзүмдүн карасы» аттуу ырын аткарышты.
Кийин опера труппасы жана
оркестри Хромтау шаарынын тургундарын жана конокторун өзгөчө өнөрү менен
кубандырды. Гала-концерттин программасына «Еңлик Кебек», «Биржан – Сара», «Айсулуу»,
«Кыз Жибек» сыяктуу улуттук операларынын ариялары кирди. Мындан тышкары обондуу
кечеде угармандар Иоганн Себастьян Бах, Джоаккино Россини, Джузепе Верди, Жоржа
Бизе сыяктуу легендарлуу дүйнөлүк композиторлордун жаркын чыгармаларын угушту. Ал
эми жаш көрүүчүлөр Сергей Прокофьевдин «Петя менен карышкыр» симфониялык
жомогун көрүштү.
Талгат
Мусабаев, «Astana Opera» опера труппасынын мүдүрү, Казакстандын эмгек сиңирген
ишмери:
- Азыркы
учурда театрда муундардын уландысы жакшы байкалат. Жаш көрүүчүлөрдүн саны
өсүүдө. Өсүп келе жаткан муун, жалпы калк жогорку өнөргө сугарылышы үчүн, биз
классикалык музыканы жайылтуучу катары аймактарга тез-тез барып турушубуз
керек.
- Чоң
таасир алдым. Мага абдан жакты. Айткандары таасирлентти. Маанай эң сонун.
- Жамааттын
өнөрүнө суктандым. Актөбелик хор менен ырчылардын «Астана Опера» оркестри менен
солисттеринин биргелешкен чыгармачылыгы мени өзгөчө таң калтырды.
Өлкөнүн аймактары
боюнча гастролдук сапарлар «жумушчу кесиптер» жылынын алкагында өтүп жатат. Борбор
калаанын артисттердин өнөр сапары эми Павлодар, Екибастус, Караганды жана Рудный
шаарларындагы ири өндүрүштөр борборлорунда уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

