Беларустагы Мухтар Ауезовдун 125 жылдыгына арналган адабий кече

Беларустагы Мухтар Ауезовдун 125 жылдыгына арналган адабий кече

Беларуста дүйнөлүк адабияттын классиги, казак окумуштуусу, драматург Мухтар Ауэзовдун 125 жылдык мааракеси белгиленди. Чыгармачылык кече Минск шаарындагы чыгаан жазуучунун ысымын алып жүргөн мектептердин биринде өттү. Жолугушууга тарых, маданият жана казак тили боюнча билим алып жаткан 30дан ашык студенттер, акын, адабиятчы Михаил Поздняков катышты. «Абай жолу» роман-эпопеясын беларус тилине которгон. Ошондой эле бул романдын негизинде тасма тартууну сунуштады. Белгилей кетсек, Казакстандын Беларустагы элчилиги окуу жайга орусиялык жазуучу жана котормочу Анатолий Ким тарабынан которулуп, жыйынтыкталган акыркы басылмалардын бирин тапшырды.

Асхат Мукашев, Казакстандын Белорустагы элчисинин кеңешчиси:

Быйыл биз Казакстан менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул символикалык датаны Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган чоң иш-чара менен окуу жылын баштап жатканыбыз абдан кубандырат. Дал ушул мектептен Казакстанды, казак адабиятын, казак маданиятын жакшы билген бүтүрүүчүлөрдүн бир нече муундары чыккан. Элчиликтин жардамы менен казак тилин үйрөнүү үчүн жабдыктар тапшырылды. Учурда Абай Кунанбаевдин, бул мектептеги досторубуздун, окуучулардын мекенине саякат уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Вадим Панасевич, Мухтар Ауэзов атындагы №143 мектептин директору:

Биздин мекеме анын ысымын алып жүргөндүктөн биз казак эли менен бирге каада-салттарды урматтайбыз жана достук мамиленин мындан ары да жогорку форматта болушун каалайбыз. Окуу процессинде өз мекемебиздин базасында казак тилин окутууну уланткыбыз келет. Бизде казак тилин окуута турган кабинет ачылган. Бир эле учурда казак мектебинде, беларус мектебинде биргелешкен сабактарды уюштуруп, жалпы орток жана жеке өзгөчөлүктөрдү талкуулагыбыз келет. Ушундай багыт менен кызматташуу ниети биз бар.

Кошумчалай кетсек, Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларынын алкагында Минск мектебинин окуучулары жана мугалимдери онлайн форматта эл аралык окурмандардын конференциясына катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков