Деңизде жашаган жылкылар, түбөлүк өмүр дарагы, Конур Ар аттуу табышмактуу жырткыч. Казакстандык сүрөтчү Жанар Ерлан кызынын чыгармаларында түрк мифологиясынын каармандарына жан кирет. Ал байыркы уламыштарга таянып, улуттук стилде сүрөт тартып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында эмгектери менен бөлүшөт. Ага ылайык, ар бир сүрөттү жүктөгөн сайын окурмандардын саны да артып келет. Чебердин эмгектерине кызыгуу арткандардын арасында казакстандыктар дагы, чет элдиктер дагы бар.
Жанар Ерлан кызы, сүрөтчү-иллюстратор:
- Түрк мифологиясына кызыгуум артып, уламыштардын каармандарын сүрөттөй баштадым. Алгач өзүм үчүн сүрөт тарта баштадым, андан кийин сүрөттөрдү социалдык тармактарга жүктөй баштадым. Ошентип, бул тема кеңейип, өнүгө баштады.
Сүрөтчүнүн түрк мифологиясы темасына арналган эмгектери жазылуучулар тарабынан жогору бааланды. Анткени бул жөн гана кооз сүрөттөр эмес, терең маанидеги чыгармалар. Ар бир эмгек илгерки уламыштарды жандандырууга жол ачат. Жанардын окурмандары аны социалдык тармактардан «Эрк» деген каймана аты менен тааныйт. Мисалы, анын эмгектери илгерки заманда ата-бабаларыбыз сыйкырдуу аттар сууда жашайт деп эсептешкенин көрсөтүп турат. Бул уламыш Мангыстау аймагында өзгөчө кеңири тараган. Ошондой эле, иллюстратордун эмгектери арасында токой периси Серей тууралуу картина да бар.
Жанар Ерлан кызы, сүрөтчү-иллюстратор:
- Мени казак элинин маданияты, ар кандай мифологиялык окуялар, жада калса жомоктор шыктандырат. Кээде көз алдыма бир видео келет, андан кийин сүрөт тартып, кийин бир окуя менен байланыштырам.
Белгилей кетүүчү нерсе, Жанар өз ишинде социалдык маселелерди дагы көтөрүп чыгат. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын укуктарын коргоо маселелери. Чебердин айтымында, кээ бир сүрөттү тартууга бир нече жума керектелет. Буга катар, Жанар сүрөтчү катары ар кандай басмаканалар менен жигердүү иш алып барган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков