Астанада «New Music Generation -2022» IV эл аралык композиторлор сынагы өтүүдө. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн үч жаш курактагы 35 жашка чейинки музыкалык чыгармалардын жүздөн ашуун авторлору катышууда. Булар Германия, Италия, Франция, АКШ, Кытай, жана Жапония. Калыстар тобунун кароосуна жалпысынан 300гө жакын партитура келип түшкөн. Чыгармачылык сынактын бир өзгөчөлүгү – калыстар келген эмгектердин авторлорун алдын ала билишпейт. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары аларга мыктылар тандалгандан кийин гана белгилүү болот. Уюштуруучулар мындай жол менен калыстык жана объективдүүлүктү камсыз кылат деп эсептешет. Белгилей кетсек, сынак тогуздун айынын 7сине чейин уланат.
Алессандро Сольбиати, калыстар тобунун мүчөсү /Италия/
- Мен бүгүн бул жерге келгениме абдан бактылуумун, жана ушундай масштабдуу эл аралык сынактын калыстар тобуна киргениме кубанычтамын. Биринчиден, бул жерде жаштардын көп болушу кубандырат, заманбап искусство өнүккөн жана анын келечеги бар. Экинчиден, айта кетчү нерсе, мынчалык көп катышуучуларды көргөн эмесмин. Албетте, биз, калыстар тобу үчүн жеңүүчүнү тандоо абдан кыйын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков