Астанада «Опералия» фестивалы ачылды

Астанада «Опералия» фестивалы ачылды

Кызыл килем, операнын жана балеттин солисттеринин дефилеси, спектаклдердин чакан-шоулары, артисттердин жаркыраган спектаклдери. Ушундай чоң масштабда «Опералия» фестивалы борбор калаада өлкөнүн башкы театралдык аянтында «Астана Опера» театрында ачылды. Ага катышуу үчүн  борборго дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн коноктор келишти. Алар Армениядан, Италиядан, Болгариядан, Монголиядан, Кытайдан, Түштүк Кореядан, Германиядан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген коноктор, солисттер жана музыканттар. Бир ай бою борбордун тургундары жана коноктору премьераларды жана популярдуу спектаклдерди, камералык музыка жана симфониялык оркестрдин концерттерин, ШКУ өлкөлөрүнүн солисттеринин катышуусундагы гала-операнын, ошондой эле 4 чоң операнын жана бир катар балет спектаклдеринин кызыктуу шоулорун көрө алышат.

Алтынай Асылмуратова, «Астана Опера» театрынын көркөм жетекчиси, Орусиянын эмгек сиңирген артисти:

- Бул жерде бир эле балет эмес, опера өнөрү, музыка да бар. Чакырылган коноктор да көп. Фестивалдын балет менен, атап айтканда хореограф Иржи Килиандын үч бир актылуу балети менен ачылаарына кубанычтабыз. Бир эле учурда үч шедеврди бир сахнада көрсөтүү идеясы абдан күчтүү деп ойлойм. Анткени Астанада мындай мүмкүнчүлүк бар. «Astana Ballet» репертуарында "Алты бий", "Кулаган периштелер" жана "Кичинекей өлүм" спектаклдери бар. Алардын баарын көрүүчүлөрдүн назарына тартуулап, кубандыргыбыз келет.

Айта кетсек, быйыл «Опералия» фестивалы «Астана Опера» театрынын 10-мааракелик сезонунда өтүп жатат. Фестиваль маэстро Алан Бурибаевдин симфониялык музыкасынын концерти менен аяктайт.

Алан Бурибаев, «Астана Опера» театрынын башкы дирижеру, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

- Вердинин «Дон Карлос» жана «Аида» аттуу эки операсынын жана Россининин «Алжирдеги италиялык кыз» операсынын премьерасы көрсөтүлөт. Бул олуттуу окуя деп айта алам. Сейрек кездешүүчү опера. Россинин операсы болгону менен сейрек коюлат. Ошондой эле, теке айынын 16дагы концертке — аталган фестивалдын жыйынтыкталуучу симфониялык концертине жана ушул сезондун финалына токтолгум келет. Анда алгачкы ирет Ахмет Жубанов менен  Газиза Жубанованын «Курмангазы» операсынан алынган темаларга симфониялык сюита ырдалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков