Астанада
Борбор Азия тарыхында биринчи жолу «Silk Way
Star» эл аралык музыкалык конкурсу старт алат. Шоу –
Казакстандын Президентинин телерадиокомплекси менен Кытайдын CMG медиакорпорациясынын
биргелешкен долбоору. Борбор шаарда 12 өлкөдөн келген аткаруучулар бир сахнада
чогулат деп күтүлүүдө, алар: Азербайжан, Армения, Грузия, Малайзия, Казакстан,
Кытай, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түштүк Корея.
Тартуу иштери баш оона айынын 20сында башталат,
ал эми гранд-финал жетинин айынын 22синде «Jibek
Joly/Silk Way» телеканалынын жана конкурска катышкан өлкөлөрдүн
алдыңкы каналдарынын түз эфиринде өтөт. Көрүүчүлөрдү уникалдуу дуэттер, улуттук
хиттерди аткаруу, маданияттар аралык кызматташуулар күтөт. Калыстар тобу да
таасирдүү, анын курамына белгилүү артисттер жана продюсерлер кирет. Телешоунун
трансляциясы казак, кытай жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Жалпысынан,
конкурс маданий байланыштарды чыңдоого жана дүйнөлүк музыка индустриясында жаңы
ысымдарды ачууга багытталган.
Еркежан Кунтаган, «Jibek Joly/Silk Way» телеканалынын башкаруучу мүдүрү:
- Биздин канал жана жалпы эле Казакстан үчүн
бул биринчи масштабдуу долбоор. Форматты казакстандык адистерибиз, музыкалык
продюсерлерибиз, музыкалык редакторлорубуз иштеп чыгышты. Форматты түзүп
жатканда чет элдик тажрыйбаны карадык – бул албетте Eurovision Turkvision. Айырмасы, балким, биздин калыстар тобу
студияда болушат, алар ар бир артисттин аткаруусун түз эфирде баалашат. Он
программа, калыстар тобу ар бир жолу артистти канчалык ачылганын же канчалык
таланттуу экенин баалай алышат. 1-эпизоддон финалга чейин.
Финалда жеңүүчүнү калыстар тобунун 50 пайызы жана
көрүүчүлөрдүн 50 пайызынын добуштарынын айкалышы аныктайт. Биздин өлкөнүн
атынан конкурска заманбап ата мекендик эстрада жылдызы – ALEM катары белгилүү
Батырхан Маликов катышат.
Батыржан Маликов, ырчы/Казакстан/
- Дүйнөлүк аренада биздин желегибизди көтөрүү мен үчүн чоң сыймык. Бул мүмкүнчүлүк үчүн чоң рахмат. Албетте, мен долбоордо өлкөбүздү татыктуу көрсөтүү жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн бардык күчүмдү жумшайм.
Которгон: Назира
Бегалиева

