Казакстанда
кезектеги «Франкофония жазы» аяктады. Салтанаттуу иш-чара Астанада
франко-литвалык пианист Муза Рубацкитенин өнөрү менен жабылды. Ал дүйнөлүк
деңгээлде таанымал музыкант жана педагог. «Француз чеберлери» эл аралык
сынагынын баш байгесинин ээси жана Вильнюс фортепиано фестивалынын
негиздөөчүсү. Ушуну менен 16-жолу уюштурулуп жаткан Франкофония фестивалы
Казакстандын 7 шаарын камтыды. Анын алкагында француз киносу, түрдүү
концерттер, конференциялар, адабий жолугушуулар, көргөзмөлөр жана сынактар
өткөрүлдү. Бул глобалдык иш-чара дүйнөнүн 90го жакын өлкөсүндө өткөрүлүүдө.
Анын негизги максаты — француз тилдүү мамлекеттер менен башка өлкөлөрдүн
ортосундагы маданий алмашууну арттыруу болуп саналат.
Эгидиюс Навикас,
Литванын Казакстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси:
- Бул Литва үчүн
да чоң мүмкүнчүлүк. Тил үйрөнүүчүлөрдү колдоого, маданият тармагында өзүн
таанытууга жол ачат. Биз да ушул иш-чаранын алкагында бүгүнкү кечени уюштуруп,
литва-француз пианисти Муза Рубацкитенин кечесин уюштурдук. Бул иш-чаралар
казакстандыктарга тил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушул тармактагы ишке
багытталган түрдүү институттар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

