Бизнести өнүктүрүү аркылуу салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу

Бизнести өнүктүрүү аркылуу салттуу кол өнөрчүлүктү колдоо жана жандандыруу. Борбор калаада «Тамыр: Казакстандагы мурас жана ишкердик тууралуу 33 аңгеме» аттуу китеп жарык көрдү. Назарбаев университетинин профессорлору жазган жамааттык эмгекте казак маданиятын жайылтып гана койбостон, ата-бабалардын кесибин жандандырган чеберлердин окуялары топтолгон. Башкача айтканда, көрөгөчтүк, килем токуу, зергерчилик жана сүрөт тартуу сыяктуу өнөрлөр аркылуу ийгиликтин ачкычы баяндалат. Бүгүнкү күндө чеберлердин колунан жаралган улуттук колориттин өнүмү суроо-талапка ээ жана мода дүйнөсүндө жаңы тенденцияларды калыптандырууда.

Шумайла Юсафзай, китеп авторлорунун бири, NU жогорку бизнес мектебинин профессору:

– 2024-жылы Казакстандын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгы белгиленет. Казакстан жаш мамлекет катары дүйнөдөгү позициясын бекемдеп гана тим болбостон, өзүнүн уникалдуулугун жандандырууга да жетишти. Ошондуктан, 33 саны Улуттук кайра жаралууну жана өткөн менен үзгүлтүксүздүктү билдирет. Биз салттуу искусствонун, айрыкча акыркы 5 жылда улуттук өнөргө басым жасаган ишкерлердин гүлдөп-өнүгүшүнө күбө болуп жатабыз.

Иш-чаранын жүрүшүндө дагы эки китептин бет ачары болду. Окурманга жазылган эмгектердин бири Өзбекстандын бай кол өнөрчүлүгү тууралуу баяндайт. Ал эми кийинки эмгекте көчмөндөрдүн маданияты, тиричилик салты тууралуу сөз болот. Жалпысынан, көргөзмөдө адаттан тыш стилдеги колдонмо искусство чыгармалары менен таанышууга шарт түзүлөт. Өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган чеберлер кийиз, текстиль жана зер буюмдарын, азем белектерди жана көркөм сүрөт искусствосунун өзгөчө чыгармаларын сунуштады. 

Алуа Нурбаева, NU ишкерликти изилдөө борборунун илимий кызматкери:

– Искусство-Казакстанды чыгармачылык менен көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген механизмдердин бири. Назарбаев Университети-чет өлкөдөн келген коноктордун жана окутуучулардын, студенттердин саны көп болгон окуу жай. Алар биздин бай маданият менен тарыхты жана кайталангыс кол өнөрчүлүгү бар экенибизди түшүнүүлөрү керек.  Аны жеткирүү үчүн бизде байыркы экспонаттар менен уникалдуу кол өнөрчүлүк түрлөрү жетиштүү. Ар кандай улутту түшүнүү маданият аркылуу ишке ашары жалпыга белгилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков