Түркмөнстанда ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин II театр фестивалы аяктады

Казакстан театры Түркмөнстан борборунда өткөн эл аралык Түрксой уюмунун өлкөлөрүнүн фестивалында драмалык искусствого инновациялык мамиле жасап, маданий мурастарды сактап калганы үчүн жогору баага татыды. Ашхабадда Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жергиликтүү жана сахна ишмерлери мыкты өнөрлөрүн тартуулашты. Маданий иш-чара быйыл Түрк дүйнөсүнүн борборуна айланган байыркы Анау шаарынын жана акын Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата уюштурулган. Анын катышуучулары эл аралык уюмга мүчө өлкөлөрдүн театр фестивалы маданий байланыштарды чыңдоо жана ыйык сахна өнөрүн  өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ырасташат.

Нурканат Жакыпбай, калыстар тобунун мүчөсү, эмгек сиңирген маданият ишмери:

– Мыкты спектаклдер коюлду. Ар бир мамлекет биринен-бири ашкан спектаклдерди жиберген. Муну көрүүчүлөрдүн кол чабуулары далилдеп турат. Өнөр сүйүүчүлөр коомунун ырахатына бөлөнүү оңой нерсе эмес. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков