Музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана жаңы санариптик чечимдерди музейдик колдонууга киргизүү. Бул темалар Иран, Кытай, Орусия, Түркия, Венгрия, Армения, Азербайжан, Франция жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген чет элдик жана ата мекендик серепчилерди Астанадагы бир аянтчага чогултту. Бул жерде казакстандык музей Конгрессинин иши башталды. Эки күндүн ичинде катышуучулар тажрыйба алмашып, илимий дискуссияларга, тегерек столдорго, семинарларга жана мастер-класстарга катышышат. Такэе иш-чарасынын алкагында бир катар кызматташтык меморандумдарына, анын ичинде региондогу мамлекеттер менен кол коюлушу күтүлүүдө.
Камола Акилова, Өзбекстандын көркөм сүрөт галереясынын мудүрү:
– Биз көргөзмө долбоорлорун өнүктүрөбүз, анткени мен көргөзмө аркылуу өлкөбүз, тарыхыбыз жана маданияттарыбыздын кесилишкен учурлары жөнүндө көп нерселерди айта алабыз деп ишенем. Албетте, илимий-изилдөө долбоорлору болушу керек жана мында биз биргелешип көркөм кол өнөрчүлүктү үйрөнө алабыз деген чоң үмүтүбүз бар. Мисалы, Борбордук Азия. Бул жердеги илимий изилдөөлөр ушул долбоорлордун башында турушу керек.
Улуттук музей Франциянын элчилиги менен дагы бир өз ара түшүнүшүү келишимине кол койду. Бул өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Конгрессте Лувр музейинин, Улуттук археологиялык изилдөө институтунун жана улуттук эстеликтер борборунун серепчилери катышат. Мындан тышкары, француз кесиптештери борбордун тургундарына жана конокторуна "санариптик күз" фестивалынын алкагында санариптик искусствонун мыкты үлгүлөрүн жана көркөм инновацияларды сунушташат.
Сильван Гиоге, Франциянын Казакстандагы элчиси:
– Эртең, бул музейде «Санариптик күз» ачылат. Андыктан бул Астананын бардык тургундары үчүн «Санарип күз» фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк. Ошондуктан, биз азыр серепчилерибиздин ортосунда үзгүлтүксүз жолугушууларды уюштуруп жатабыз, анткени музейдин экспертизасы жыл сайын өзгөрүп турат жана биз ар дайым өз билимибиз менен тажрыйбабызды ыңгайлаштырып, жаңыртышыбыз керек.
Өлкөлөрдүн маданий алмашуу боюнча чоң пландары бар. Ошентип, быйыл күздө Парижде «Казакстандын казынасы» көргөзмөсү уюштурулат. Азия искусствосунун улуттук музейинде өлкөнүн эң мыкты музей экспонаттары, анын ичинде сак доорундагы зергерчилик өнөрүнүн үлгүлөрү коюлат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков