Кеңири масштабдагы маданий иш-чарада дүйнөгө таанымал музыканттар, ошондой эле Людвиг ван Бетховен, Морис Равель, Франц Шуберт, Сергей Рахманинов, Феликс Мендельсон-Бартольд Петр Чайковский, Никколо Паганини жана Астор Пьяццолла сыяктуу ысымдары классикалык музыканын тарыхында түбөлүккө калган белгилүү композиторлордун чыгармалары тартууланат. Белгилей кетсек, мындай концерттерди өткөрүү өлкөнүн фундаменталдык улуттук-маданий мурастарын жаңыртууга, ошондой эле Казакстандын дүйнөлүк имиджин көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Кулжа айынын 14-18и күндөрү өтө турган DalaFest фестивалынын негизги максаты – көптөгөн кылымдар бою кызыгуучулук таанытып келе жаткан башка белгилүү фестивалдардын дүйнөлүк календарына кирүү, ошондой эле Алматы шаарынын маданий кодун сактап калуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков