Казакстан менен Кытайдын
ортосунда туристтик дарамет жогорулайт. Өлкөлөрдү эми дагы бир поезд байланыштырат. Улуттук темир жол
операторунун маалыматына караганда, ал «Хоргос-Алтынкөл» чек ара бекети аркылуу Сиань
шаарынан Алматыга чейин каттайт. Саякатчыларды ташууга багытталган поезд Казакстандын мегаполисинде бир нече күн токтойт. Бул
убакыттын ичинде КЭРнан келген коноктор шаардын кооз жерлерин кыдыра алат. Аталган коңшу мамлекет жарандарынын агымы Алматы менен катар борбор калаага да көбөйүп жатканы байкалат. Жалпысынан кытайлык туристтердин Казакстанга келүүсү былтыр киргизилген визасыз режимден кийин дароо 115% өскөн. Бул
дагы меймандос мамлекеттин эл аралык деңгээлде ачыктыгынын жаркын белгиси,
дешет серепчилер. Республикага 80ден ашык мамлекеттин жарандары визасыз кире
алат. Ал эми бугу айынын 25нен тарта Казакстан менен Вьетнамдын өз ара улуттук
паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды
жокко чыгаруу боюнча өкмөттөр аралык келишим күчүнө кирет. Мында жарандар
өлкөгө келген учурдан тартып бир ай, ар бир жарым жылда жалпысынан 90 күн боло алышат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков