Астанада Конституциялык комиссиянын 5-жыйыны өттү

Астанада Конституциялык комиссиянын 5-жыйыны өттү

Конституциялык комиссиянын 5-жыйынында комиссиянын мүчөлөрү сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулады. Жыйында республикалык референдумдун аталышын жалпы улуттук референдум деп өзгөртүү сунушталды. Адвокаттардын статусун бекемдөөчү нормалар колдоо тапты. Элдик кеңештин курамы жана ишмердүүлүгү тууралуу сөз козголду. Ал мурда иштеп келген Казакстан эли Ассамблеясынын жана Улуттук курултайдын ордун басат. Элдик кеңештин курамы өлкөдөгү этникалык топтордун өкүлдөрүнөн, коомдук бирикмелерден, ошондой эле аймактардагы маслихаттардан турат. Бул өз кезегинде жергиликтүү кырдаалды эске алууга мүмкүндүк берет.