Мамлекет башчысы Астанадагы жаңы өрт өчүрүүчү бөлүккө барды

Мамлекет башчысы Астанадагы жаңы өрт өчүрүүчү бөлүккө барды

Казакстандын президенти борбордогу номер-23 өрт өчүрүүчү жайдын иши менен таанышты. Ал кыска убакыттын ичинде жогорку сапаттагы модулдук материалдардан тургузулган. Имаратта жумушчу кеңселер, диспетчердик, окуу классы, эс алуу бөлмөсү каралган. Атайын техника жайгашкан ангар да бар. Касым-Жомарт Токаевге ошондой эле өрт өчүрүү, куткаруу операциялары үчүн заманбап жабдуулар, бийик имараттардагы өрт менен күрөшүүгө арналган өрткө каршы дрондордун иши көрсөтүлдү. Президент мындай заманбап модулдук өрт өчүрүүчү жайлар өлкөнүн бардык аймактарында иштеши керектигин баса белгиледи, ошондуктан бул долбоорду кеңейтүү керек. Андан соң Президент эки кабаттуу жаңы жатакананы көрүп чыгып, өрт өчүрүүчүлөрдүн үй-бүлөлөрүн конушу менен куттуктады. Белгилей кетсек, эки айдын ичинде өрт өчүрүүчүлөр 200гө жакын сапарга чыгышкан. Жаңы өрт өчүрүү кызматы тынчтык жана ынтымак сарайы, эгемендүүлүк сарайы, Азирети Султан мечити, "Нурлы жол " темир жол бекети сыяктуу маанилүү объектилер жайгашкан Астананын калкы жыш жайгашкан райондорун тейлейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков