Кытайдын Сиань шаарында Казакстандын павильону ачылды. Ал үзгүлтүксүз иштей бере турганын тараптар буга чейин макулдашкан. Анын ачылышына келген коноктор казак элинин бай маданияты, каада-салты жана албетте ата мекендик өнүмдөр менен тааныша алышты. Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында каржы институттарынын жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-конференция өткөрүлдү. Эки өлкөнүн ар кайсы тармактагы ишкерлери түз байланыш орното алышты. B2B сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу боюнча 15тен ашык макулдашууга жана меморандумга кол коюлду. Курулуш, турак жай-коммуналдык чарба, айыл чарба, азык-түлүк товарларын импорттоо жана экспорттоо тармагында өнөктөштүк түзүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков