Касым-Жомарт Токаев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен медициналык-санитардык биринчи жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттердин коалициясын түзүүнү сунуштады. Бул бирикме саламаттыкты сактоонун жана оорулардын алдын алуунун принциптерин мындан ары да алга жылдырууга, биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга шарт түзөт. Бүгүн Астанада медициналык жана санитардык биринчи жардам боюнча глобалдык конференциянын пленардык жыйыны өттү. Иш-чара Алматы декларациясынын 45 жылдыгына жана Астана декларациясынын 5 жылдыгына арналды. Документтер эл аралык саламаттык сактоо системасын жакшыртууда чоң роль ойноду. Алматы Декларациясы көптөгөн өлкөлөрдү калктын ден соолугун чыңдоо жана аны адамдын негизги укугу катары таануу боюнча чараларды көрүүгө түрткү болду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Алматы декларациясы кээ бир өлкөлөрдө эне менен баланын өлүмүнүн деңгээлин системалуу түрдө кыскартууда жана жашоонун узактыгын жогорулатууда чечүүчү роль ойноду. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттерде саламаттыкты сактоонун улуттук системасы жолго коюлган. Медициналык-санитардык биринчи жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул беш жыл мурда кол коюлган Астана декларациясында көрсөтүлгөн.
Бүгүнкү күндө биринчи жардам өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн маанилүү ролду ойнойт. Бул эпидемия белгилерин эрте аныктоого мүмкүндүк берет. Президент коомдук саламаттыкты сактоо уюмдары өздөрүнүн туруктуулугун жана кырдаалга тез көнүү жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүнө көңүл буруп, бардык медицина кызматкерлерине COVID пандемиясын жеңүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы Казакстандын саламаттыкты сактоо системасынын өнүгүшүнө токтолду. Телемедицина жана дистанциялык мониторинг сыяктуу санариптик технологиялар жигердүү киргизилүүдө. Бул медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн бир топ жогорулатат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Өлкөдө бардык балдарды профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү жолго коюлду. Ар бир чоң калктуу-конушта жаштардын ден соолук борборлору бар десек болот. Жыл сайын болжол менен үч миллионго жакын адам скрининг жана кесиптик баалоо программаларынан өтөт. Биз айыл тургундарына медициналык кызматтарды алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн бир катар реформаларды жүргүздүк. Натыйжада 2018-жылдан бери айылдардагы биринчи жардам көрсөтүү пункттарынын саны 3 эсеге көбөйдү.
Президент Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы мүдүрү Тедрос Гебрейесус жана уюмдун Европадагы аймактык кеңсесинин башчысы Ханс Клюге менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады. Касым-Жомарт Токаев Казакстан пандемиядан кийин аталган тармакты калыбына келтирүү жана калктын ден соолугу боюнча негизги максаттарга жетүү үчүн саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого жигердүү түрдө киришкенин билдирди. Жолугушууда ШКУнун алкагында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кызматташуу, 2022-2025-жылдарга Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоо жана бакубатчылыкты колдоо боюнча жол картасын ишке ашыруу талкууланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков