Евробиримдик өлкөлөрүнөн Казакстанга инвестиция агымы жарым жылда 4,2 миллиард долларга жетти

Евробиримдик өлкөлөрүнөн Казакстанга инвестиция агымы жарым жылда 4,2 миллиард долларга жетти

Казакстан европалык инвесторлор үчүн Борбор Азиядагы негизги багыт. Эски континент өлкөлөрү энергетика, транспорт, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, суу ресурстарын башкаруу жана жасалма интеллект багытында өнөктөштүк аясын кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы менен өткөн «Казакстан-Евробиримдик» диалогдук платформасынын 18-отурумунда айтылды. Жыйынга европалык өнөктөштөр Казакстан инвестициялар боюнча алдыда келе жатканын белгилешти. Муну өлкөдө инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо жана бизнести колдоого жасалган ыңгайлуу шарттар менен байланыштырышат. Өкмөт башчысы Казакстан өз ара өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, европалык бизнести өлкөдө өндүрүштү локализациялоо максатында жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Белгилей кетсек, быйыл тогуз айда Казакстан менен Евробиримдик арасындагы товар жүгүртүү 33 млрд доллардан ашкан. Өлкө экономикасына европалык инвестициялардын агымы 4,2 млрд долларга жетти. Жалпысынан бүгүнкү күндө республиканын аймагында европалык капиталдын катышуусу менен 4 миңден ашык ишкана иштейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков