Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын президенти кыргыз кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүн талкуулашты. Лидерлер мамлекеттер ортосундагы мамилелерде өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасы сакталып жатканын белгилешти. Мындан сырткары, өлкө башчылары казак президентинин үстүбүздөгү жылдын баш оона айындагы Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы тууралуу пикир алышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, боордош кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президентинин достук, коңшулаштык жана өз ара колдоо принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кошкон жеке салымын жогору баалай турганын белгиледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков