Касым-Жомарт Токаев Жогорку Соттун төрагасы Асламбек Мургалиевди кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Жогорку Соттун төрагасы Асламбек Мургалиевди кабыл алды

Мамлекет башчысына 2024-жылдагы сот системасынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу Жогорку Соттун төрагасы маалымат берди. Асламбек Мургалиев маалымдагандай, өлкөдө акыркы 5 жылда сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатынын эң жогорку көрсөткүчүнө жетишилди. Жергиликтүү соттордун соттук актыларынын 98,9% мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды. Жарандык жана административдик иштер боюнча тыныштыруу жол-жоболорунун үлүшү көбөйүүдө, сот арачылары катышкан иштердин саны да эки эсеге өстү. Мамлекет башчысы мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуунун жана сот адилеттигине болгон ишенимди жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков