Бул тууралуу Казакстан менен Улуу Британиянын стратегиялык диалогунун алтынчы отурумунда айтылды. Жыйындын катышуучулары Туманды Альбион акыркы 30 жылда алдыңкы инвесторлордун бирине айланганын белгилешти. Бүгүнкү күндө өлкөдө 600дөн ашык Улуу Британиянын компаниялары катталган. Сапардын жүрүшүндө казак делегациясы алардын бир катар жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар пайдалуу кендерди чалгындоо жана өндүрүү, мунай экспортун ар тараптандыруу, жашыл энергетиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары Мухтар Тлеуберди Джеймс Клеверли менен кездешип, эки тарапты кызыктырган темада пикир алмашты.
Мухтар Тлеуберди, Казакстан Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри:
- Биз экономикалык жактан соода, экинчиден инвестиция тартуу маселелерин талкууладык. Учурда биздин эки тараптуу соодабыз жылдан жылга өсүп келе жатат. Ошол эле учурда Улуу Британиянын компаниялары биздин экономикага 20 миллиард АКШ долларынан ашык инвестиция салды.
Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Улуу Британиянын Премьер-министринин соода өкүлү баронесса Эмма Николсон, казак-британ ассоциациясынын төрагасы Руперт Гудман жана британиялык расмий топтордун өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдө «Адилеттүү Казакстанды» түзүүгө багытталган саясий жана социалдык – экономикалык маселелер боюнча сүйлөштү. Тараптар ошондой эле, транзиттик-транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, логистикалык каттамдарды, альтернативдик энергетиканы жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселесин талкуулашты. Белгилей кетсек, сапардын соңунда Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Руперт Гудман, казак-британ биримдигинин төрагасы:
- Казак-британ коомчулугунда талкууланып жаткан геосаясат, бизнес жана айыл чарбасы сыяктуу тармактар тууралуу кеңири сөз болду. Жана биз кээ бир рационалдуу идеяларды ишке ашырып, өнүктүрө алабыз деп макулдаштык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков