Казакстандын тышкы соодасынын
көлөмү акыркы үч жылда 160 миллиард долларга жетти. Өсүү – 53%. Бул тууралуу
президент Дүйнөлүк Соода Уюмунун башкы мүдүрү менен жолугушууда билдирди. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, глобалдык протекционизм жана соода чектөөлөрү
өсүп жатканына карабастан, Казакстан ачык экономика катары позициясын
бекемдөөгө умтулуп келүүдө. Бүгүнкү
күндө республика 180 мамлекет менен соода жүргүзөт.
Мамлекет башчы ушул күндөрү Алматыда өтүп жаткан Борбордук Азиянын соода
саясаты форуму аймактык экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү, ошондой эле регион
өлкөлөрүнүн көп тараптуу соода системасына интеграциясы үчүн маанилүү экенин
белгиледи. Президент ошондой эле Казакстан ДСУ менен кызматташууну кеңейтүүгө
өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
-Сиздин жетекчилигиңиздин астында эл аралык
көп тараптуу соода системасы учурдагы соода тоскоолдуктарын жоюуга жана бирдей
атаандаштык шартын түзүүгө багытталган терең трансформациядан өтөрүнө ишенебиз.
Сиздин Алматыга сапарыңыз өтө маанилүү. Мүмкүнчүлүктөн
пайдаланып, сиздердин тыгыз кызматташууңуздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет.
Казакстан үчүн 12-министрлик конференцияга төрагалык кылуу чоң жоопкерчилик
жана сыймык. Анын жүрүшүндө ДСУнун мүчөлөрү уюмду реформалоо боюнча
маанилүү чечимдерди кабыл ала алышты.
Соңунда мамлекет башчы ДСУнун башкы мүдүрүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков