Казакстандын Президенти Тажикстандын Мажлиси Оли Мажлиси милли төрагасы Рустами Эмомалини кабыл алды

Казакстандын Президенти Тажикстандын Мажлиси Оли Мажлиси милли төрагасы Рустами Эмомалини кабыл алды

Казакстандын Президенти Тажикстандын Мажлиси Оли Мажлиси милли төрагасы Рустами Эмомалини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар казак-тажик стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү, ошондой эле өз ара соода-экономикалык интеграцияны, парламентаралык дипломатияны жана суу тармагындагы байланышты арттыруунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү темпине жогору баа берди. Өз кезегинде Рустами Эмомали Казакстан Тажикстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгиледи. Ошондой эле Мамлекет башчысын өлкөнүн Конституциясынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Тажикстан Парламентинин жогорку палатасынын спикери Рустами Эмомалини II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков